КАРА ЖААК
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Чечен, сезмер, жаагын жанып мыкты ырдаган текме акын. Кара жаак, жез таңдай, Кайраным, Током, аманбы? (Токтогул). Кара жаак, жез таңдай, Ырчы-чечен аралаш, Баары келсин тоюна («Манас»). Экинчиси –Чүйдөгү кара жаак Калмурза, ал шордуу кошоматчылыгынан тапты (Бейшеналиев). 2. Тилдүү, ооздуу, шакылдаган, сүйлөөк, тажаал. Тил-ооздуу какшанган бир кара жаакка жолуксам кантет элем (Саатов). Ушундай кара жаак катын болот экен ээ? (Бердикеев). Саат баскырдын үйүнө барбаганда бул кара жаак катынга кабылбай калат белем? (Бердикеев).